
Кыргызстанда ажырашкан ата-энелердин болгону 2% алиментти үзгүлтүксүз алышат
Баткен облусунда сот алимент төлөөдөн качкан эр адамга эки жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Өкүм Баткен райондук соту тарабынан чыгарылган.
2017-жылдын 3-июлунан бери жаран алимент төлөө боюнча милдеттерин аткарган эмес, жана 2022-жылдын 1-сентябрына карата анын карызы 501 миң сомдон ашып кеткен.
Алгач 2025-жылдын октябрында сот ага эки жыл пробациялык көзөмөл белгилеген. Бирок жабырлануучунун арызынан кийин сот чечимин өзгөртүп, карызды эки жылга түрмөгө жиберди.
Соттук департаменттин маалыматына ылайык, өлкөдө алимент төлөө боюнча 60 миңден ашык иш бар, бирок ажырашкан ата-энелердин болгону 2% гана каражатты үзгүлтүксүз алышат.
Сүрөт www