Руслан Талантбек уулунун айтымында, айыл аймагында мурда 9 айыл болгон. Административдик-территориялык реформа алкагында эки айыл аймагы бириккенден кийин, жергиликтүү кеңеш жалпы планды түзүүнү сунуштады.
14,5 миллион сомдук жалпы план 2050-жылга чейин стратегияны камтыйт. Ал 1970-жылдардагы пландарга негизделип, суу камсыздоо жана канализация системаларын киргизет. Жобо ар бир айыл үчүн пландарды тактап берет.
Бүгүнкү күндө Мырза-Аке айыл аймагынын борбордук бөлүгүндө 16 миң адам жашайт, ал эми генплан 30 миңге эсептелген. Ошондой эле, 25 жылга чейин калктын өсүү болжолдорун эске алып, 9 айыл каралган. Оорукана, эс алуу зоналары, бала бакчалар, мектептер жана жолдор сыяктуу маанилүү объектилер киргизилген. Генплан Узген районунун бардык мекемелеринин жетекчилери жана адистеринин катышуусунда шаар куруу кеңеши тарабынан алдын ала каралды жана эми коомдук угууга чыгарылууда», — деди айыл өкмөтүнүн башчысы.
- Административдик-территориялык реформа алкагында Мырза-Аке айыл аймагына Алтын-Булак айыл аймагы кошулду.