
Ош шаарында алимент боюнча карыздын толук суммасы — 872 516 сом өндүрүлгөн аткаруу өндүрүшү аяктаган. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аткаруу иши шаардык кызматтын бөлүмүндө жүргүзүлгөн. Карыздар, Д.Э., Б.Э.нин үч баласын чоңойтуу үчүн алимент төлөп берүүгө милдеттүү болгон.
Аткарылган чаралардын натыйжасында 872 516 сомдук карыз ийгиликтүү өндүрүлүп, ал алууга укуктуу адамга өткөрүлдү.