
ГУВДнын Бишкек шаарындагы пресс-кызматынын сүрөтү
Пресс-кызматтан алынган маалыматка ылайык, рейд учурунда Кыргызстанга бир уюм тарабынан берилген визалар менен келген 90 адам кармалган, бирок алар практикада башка компанияларда иштеп жатышкан. Учурда алардын өлкөдөн чыгарылышы боюнча маселе каралууда.
Текшерүү учурунда чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз тартуу жана колдонуу фактылары да аныкталды. Эреже бузган жумуш берүүчүлөргө 93-беренеге ылайык протоколдор түзүлүп, 65 миң сом өлчөмүндө айып пулдар салынды.