Бул долбоор өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо максатында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынууда.
«Акылдуу» эсептегичтердин региондор боюнча бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй:
- Бишкек — 91 миң 210;
- Чүй облусу — 89 миң 129;
- Ош облусу — 68 миң 242;
- Баткен облусу — 54 миң 997;
- Жалал-Абад облусу — 71 миң 546.
Санариптештирүүнүн максаты электр энергиясын эсепке алуунун ачыктыгында, техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтууда, ошондой эле электр энергиясын камсыздоонун сапатын жакшыртууда жана энергетика тармагында санарип инфраструктурасын өнүктүрүүдө турат.
«Акылдуу» эсептегичтерди орнотуу электр энергиясын колдонууну реалдуу убакыт режиминде так көзөмөлдөп, техникалык кемчиликтерди тез аныктоого, мыйзамсыз туташтырууларды алдын алууга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, жаңы система энергияны пайдаланууну натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, бул колдонуучуларга жеткиликтүү энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдаланууга жардам берет.