Тийиштүү токтом 13-февралда 104-номер менен кабыл алынган жана төмөнкү компанияларды камтыйт:
- ЖЧК "Акнет";
- ЖАК "Альфа Телеком";
- ААК "Кыргызтелеком";
- ЖЧК "Скай Мобайл";
- ЖЧК "ЭлКат".
Мындай кадам маалыматтык суверенитетти күчөтүүгө жана өлкөдөгү телекоммуникация инфраструктурасынын туруктуу өсүшүн камсыздоого багытталган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.