


Түрдүү улуттарды, анын ичинде кыргыз, өзбек, азербайжан, түрк, дунган, орус жана пакистандык катышуучулар өзүнүн туулган тилдеринде ырларды аткарып, монологдорду окуду. Алар ошондой эле өз тилинин маданий идентичносту сактоодогу мааниси тууралуу тарыхый фактылар менен бөлүштү.
«Бул иш-чара президенттин руханий-ахлактык өнүгүү боюнча Указына ылайык уюштурулган. Өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар үчүн мындай акциялардын максаты – алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн колдоо, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана маданий салттарга болгон урматты тарбиялоо», — деп белгилешти ГСИНде.