
Проект Вьетнамдын Rox Energy Global компаниясы тарабынан ишке ашырылууда
Премьер-министр Адылбек Касымалиев Иссык-Куль облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кызыл-Орук айылындагы күн энергиясын өндүрүүчү станциянын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Маалымат өкмөттүн басма сөз кызматы тарабынан берилди.
«Ысык-Көл-1» күн энергиясын өндүрүүчү станциянын курулушу 2025-жылдын сентябрь айында башталган.
Проекттин жалпы орнотулган кубаттуулугу 1 900 МВт жетүүгө багытталган жана 1,4 миллиард доллар инвестиция тартууну пландаштырууда. Станция жылына 3,6 миллиард кВт·ч экологиялык таза энергия өндүрөт деп күтүлүүдө.
Проектти ишке ашыруу бир нече этаптардан өтөт:
– биринчи фаза — 150 МВт;
– экинчи фаза — 450 МВт;
– үчүнчү фаза — 1 300 МВт.
«Ысык-Көл-1» СЭСинин бүтүндөй комплекси 2028-жылы курулуп бүтөт деп пландаштырууда.
сүрөт www