
Эң мыкты долбоор үчүн конкурс өткөрөт Маданият министрлиги
XI кылымдагы дүйнө картасынын көчүрмөсүн орнотуу боюнча демилгени мамлекеттик катчы Арслан Койчиев сунуштады. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Бул карта, ислам ренессансы доорунда Борбордук Азияда түзүлгөн, Ысык-Көлдү дүйнөнүн борбору катары белгилейт.
Долбоор Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгын белгилөөнүн бир бөлүгү болуп, Бишкекте ишке ашырылат.
Маданият министрлиги, тапшырма боюнча, эң мыкты долбоорду тандоо үчүн конкурс өткөрөт.