
Башкы шаардык тургуну К.Т. 19-февралда белгисиз адамдар анын 6-микрорайондогу батирине кирип, 120 миң сом, 150 евро жана алтын буюмдарды, анын ичинде шакек, нике шакеги, сырга жана чынжыр уурдап кеткендиги боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.
Бул иш боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча кылмыш иши козголду. Оперативдик иш-аракеттердин натыйжасында шектүүлөрдүн жеке баштары аныкталып, жергиликтүү эки тургун: А.Г. (1985-жылы туулган) жана И.Т. (1993-жылы туулган) кармалды. Алар тергөө органдарына жеткирилди жана убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
ИИМдин сүрөтү
Укук коргоо органдары кармалгандардын башка ушундай кылмыштарга байланыштуу-байланыксыздыгын текшерүүнү улантууда.
Милиция шектүүлөрдүн курмандыгы болгон же кандайдыр бир маанилүү маалыматка ээ жарандарды 0706 93 96 96, 0995 95 09 40 же 102 номерлери боюнча кабарлашууга чакырат.