
Учурдагы жылы 37 камсыздандыруу окуясы катталды
Жогорку Кеңештин жыйынында «Граждандык кодекске жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды.
Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын төрагасы Марат Пирназаров документтин негизги жоболорун баяндады.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты — турак жайды ар кандай тобокелдиктерден, анын ичинде өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын жакшыртуу.
Талкуу учурунда депутат Алтынбек Кылычбаев камсыздандыруу окуясы болгон учурда, айрыкча өрт кырсыгында, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн мөөнөттөрү жана өлчөмдөрү тууралуу суроо берди.
Бул суроого жооп берип жатып, баяндамачы максималдуу сумма 1 миллион сом шаардык аймактар үчүн жана 500 миң сом айылдык аймактар үчүн камсыздандыруу төлөмү катары алынарын тактады. Ошол эле учурда төлөмдүн мөөнөтү бир айга чейин созулат.
Депутат Гульнара Акимбаева милдеттүү камсыздандыруу боюнча үчүнчү тарап катары кимдердин катыша аларын сурады.
Депутат Токтобубу Ашымбаевдин төлөмдөр боюнча берген суроосуна баяндамачы 2024-жылы 240 камсыздандыруу окуясы катталып, жалпы төлөмдөр 37 миллион сомду түзгөнүн, ал эми 2025-жылы 247 окуя катталып, төлөмдөр 32 миллион сомду түзгөнүн билдирди. Учурдагы жылы 37 окуя катталып, төлөмдөр 10 миллион сомду түздү.
Талкуудан кийин мыйзам долбоору депутаттар тарабынан биринчи окууда жактырылды.
сүрөт www