Кыргызстандык спортчу греко-рим күрөшү боюнча престиждүү турнирде медаль утту
Жакында Албаниянын борбору Тиранада MUHAMET MALO–2026 аттуу эл аралык спорттук күрөш турнири аяктады. Греко-рим стилиндеги мелдеште Кыргызстанды өкүлү Үзүр Жусупбеков 96 кг салмак категориясында коло медаль утту.
Жусупбеков турнирдеги жолун Түркмөнстандан келген спортчу Аманберды Агамаммедовго каршы 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңиш менен баштады.
Бирок, чейрек финалда кыргызстандык россиялык Артур Саргсянга жолукканда 0:9 эсебинде жеңилип калды. Бирок, Саргсяндын финалга чыгышы Жусупбековго медаль үчүн утуштук мелдештер аркылуу күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк берди.
Кичи финалга чыгуу үчүн болгон мелдеште ал азербайжандык Махаммад Ахмадиевди 8:2 эсебинде ишенимдүү жеңди. Үчүнчү орун үчүн болгон чечүүчү мелдеште Жусупбеков ирандык спортчу Амирреза Морадианды 4:2 эсебинде утуп, ушул престиждүү турнирдеги коло медалын утуп алды.
Сүрөт www