
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борборунун маалыматына ылайык, текшерүү учурунда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыканасында ОсОО «Неман-Фарм» дары-дармек электрондук системада катталбаган дары-дармек табылган. Бул факт боюнча тиешелүү документтер ыйгарым укуктуу адистер тарабынан түзүлгөн.
Министр фармацевтикалык ишмердүүлүктүн бардык катышуучулары үчүн, алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан, милдеттүү каттоо жана санариптик көзөмөлдүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргызстанда жүгүртүлүп жаткан ар бир дары-дармек электрондук көзөмөл системасында чагылдырылышы керек. Бул фармацевтикалык рыноктун ачыктыгын камсыз кылуу, мыйзамдарды сактоо жана бейтаптардын укуктарын коргоо үчүн өтө маанилүү», — деп кошумчалады ал.