
Жыйналыштарда ата-энелердин балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилиги баса белгиленди.
Патруль кызматын башкаруу кызматкерлер ата-энелер үчүн бир катар профилактикалык лекциялар өткөрүштү, бул тууралуу УПСМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Ата-энелер менен өз ара аракеттенүү учурунда жол кыймылынын эрежелеринин негизги аспектилери каралды, ошондой эле ата-энелердин балдарынын коопсуздугун камсыздоодогу ролу эскертилип өтүлдү.
Балдардын самокат, велосипед жана скутерлер менен жолго чыгып, светофордун сигналдарын жана негизги коопсуздук эрежелерин эске албастан жүрүшү учурларына өзгөчө көңүл бурулду, бул көп учурда жол кырсыктарына алып келет.
УПСМ кызматкерлери ата-энелерди балдарынын убакыт өткөрүүсүн активдүү көзөмөлдөөгө, чоңдордун коштоосунан тышкары жолго чыгууга жол бербөөгө жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн дайыма талкуулоого чакырышты.
сүрөт www