
Бишкектеги Иран элчилигинин алдында митинг-реквием өтүп, анда Кыргызстандагы жарандык активисттер Америка Кошмо Штаттары жана Израилдин аскердик агрессиясынан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Иш-чарага кыркка жакын адам катышты, алардын арасында чоңдор жана балдар бар.
Уюштуруучулар акциянын тынч жана гуманитардык мүнөздө өткөнүн белгилешти. Митингдин негизги максаты - каза болгондордун элесине таазим кылуу, жабыркагандарга колдоо көрсөтүү жана тынч калкка болгон трагедияга көңүл буруу.
Эскерте кетсек, 28-февралда Израиль жана АКШ Иранга каршы аскердик операция баштап, бул өлкөнүн шаарларына жана аскердик объекттерине масштабдуу авиациялык жана ракеталык соккуларды жасашкан. Жооп катары Тегеран Израильге жана аймактагы бир нече өлкөлөрдөгү америкалык аскердик базаларга сокку урган.
Бул авиациялык соккулардын натыйжасында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи, ошондой эле ондон ашык жогорку кызматтагы ирандык чиновниктер жана аскерлер каза болгон.