
Аба каттамдары жумасына үч жолу жүргүзүлөт
2023-жылдын 4-мартынан баштап Джидда-Ош маршруту боюнча түз каттамдар калыбына келтирилет, бул тууралуу Кыргызстандын Саудия Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов социалдык тармактардагы аккаунтунда билдирди.
Ал элчилик flynas авиакомпаниясы менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн белгиледи.
Бул талкуулардын натыйжасында белгиленген датадан баштап түз каттамдарды калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.
Аба каттамдары жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүлөт.
Алгач, мурда билет сатып алган, бирок учуп кете албаган жарандар ташылат.
Ошондой эле Джидда — Бишкек маршруту боюнча аба каттамдарын калыбына келтирүү пландары талкууланууда.
Кыска убакыттан кийин бул каттамдар да жумасына үч жолу жүргүзүлүшү мүмкүн.
сүрөт www