


Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы рейд учурунда каттоосуз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан бир нече объектилер аныкталды.
Алардын арасында:
- Жукеева-Пудовкина көчөсүндөгү 4-адрес;
- Гвардейская көчөсүндөгү 13, 13а, 15-объектилер;
- Горький көчөсүндөгү 72, 72а, 42-объектилер;
- Юнусалиев көчөсүндөгү 10-имарат.
«Курулушчуларга жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди жана шаар куруу документациясын даярдоо жана объектилерди реестрге каттоо боюнча көрсөтмөлөр берилди. Курулуш иштерин баштоодон мурун курулушчулар уруксат берүүчү документтерди алышы жана өз объектилерин тиешелүү реестрге каттоосу керектигин эскертебиз», – деп билдиришти министрликтен.