180 жүргүнчүсү бар учак 5-мартта Омандан Кыргызстанга келет

Арестова Татьяна Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Омандан келген учак, аба каттамдары кайра жандангандан кийин биринчи болуп, 5-мартта таң эртең Кыргызстанга конот. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Компаниянын маалыматына ылайык, учак 8:00дө келет. Учакта 180 жүргүнчү болот. Учак каттамын «АэроНомад» авиакомпаниясы жүргүзөт.

Маалымат кызматында белгилегендей, Жакын Чыгыштагы кырдаалдан улам учактын расписаниесинде күн ичинде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Жүргүнчүлөргө келүү убактысы боюнча актуалдуу маалыматты текшерүүнү катуу сунушташат.

Эскертүү
Жакын Чыгышта Кыргызстандык 22 миңдей жарандын бар экени айтылды.

2-мартка карата Жакын Чыгышта болжол менен 22 миң кыргызстандык, негизинен Саудия Аравиясы жана Бириккен Араб Эмираттарында болуп жатканы эске салынат. Учурда алардын арасында жабыркагандар же башпанасыз калган адамдар жок.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: