

Бишкекте «Пиондор боюнча дүйнөлүк конференция - 2026» аттуу конференция өттү, бул Ортолук Азияда жана Кыргызстанда биринчи болуп калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Иш-чаранын катышуучуларынын арасында Министрлер кабинетинин орун басары жана Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Кыргызстандагы Кытай эл Республикасынын элчиси Лю Цзянпин, ошондой эле кытайлык компаниянын өкүлдөрү жана тармактагы эксперттер болду.
Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти менен Heze Peony Water Group Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюлду.
Бул документ мамлекеттик сорттук сыноолорду өткөрүү жана заманбап биотехнологияларды киргизүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган.