
Тергөөнүн маалыматына ылайык, бул милиционер кызматтык абалын пайдаланып, КР жараны А.Х.Д.дан 200 АКШ долларын талап кылган. Бул акча арыз берүүчүгө байланыштуу тергөө материалдары боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн керек болчу.
Оперативдик иш-аракеттердин натыйжасында, улук лейтенант М.А.Ж. көрсөтүлгөн сумманы алган учурда кармалды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси жана 97-беренесинин нормаларына ылайык, ал ГКНБнын тергөө изоляторуна жайгаштырылды.