Анын маалыматына ылайык, учурда Ички иштер министрлиги «Кызмат» мекемеси менен биргеликте программалык камсыздоо боюнча иштерди аяктоодо.
Азыркы учурда трассада тек гана стационардык камералар иштеп жатат.
Ошондой эле, ар бир он километр сайын аппараттык-программалык комплекстерди (АПК) орнотуу пландалууда. Каржылоо маселеси мурда эле чечилген, эми монтаждоо үчүн ылайыктуу аба ырайын күтүшүүдө.
Маалымат 24.kg
Аппараттык-программалык комплекс (АПК) — бул техникалык түзүлүштөрдү (камералар, радарлар, датчиктер) жана жасалма интеллект менен программалык камсыздоону камтыган «2 в 1» системасы.
Ушундай комплекстер Караколдогу жана Торугарт ашуусундагы трассаларда орнотулган.
Бишкек — Ош автожолу эң жүктөлгөн жана авариялык коркунучтуу эл аралык магистраль болуп саналат, анда жол кырсыктарынын эң оор кесепеттери катталат.