
Переговорлордон кийин акыркы чечим кабыл алынды
Бишкекте борбордук универмагдын (ЦУМ) жанында жайгашкан үч кабаттуу зергердик борбордун курулушу токтотулат. Бул чечим имараттын ээлери, шаардык администрациянын өкүлдөрү жана "Ташболот Холдинг" компаниясы ортосундагы талкуулардан кийин кабыл алынды.
Жергиликтүү тургундар бул курулушту "коробка" деп атап, анын жайгашкан жери — мурун гүл бакчалары болгон жерде жана дизайнына байланыштуу нааразычылыктарын бир нече жолу билдиришкен.
"Ташболот Холдинг" компаниясынын өкүлдөрү бул имарат "Old Bishkek" долбоору менен байланышкан эмес экенин жана башка ээлерге таандык экенин такташты. Жарандардын нааразычылыгына жооп катары компания мэрия жана ээлер менен сүйлөшүүлөрдү баштоону чечти.
Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар демонтажды макулдашышты. Техникалык сносу ишин "Old Bishkek" долбоорунун командасы жүргүзөт.
Ошондой эле компания имараттын "коробка" болгон жеринде сквер түзүлөрүн белгиледи.
Сүрөт www