
Анткен менен, фермерлер дары чөптөрдү өстүрүү менен алектенип жатышат.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба жерлеринде дары чөптөрдү өстүрүүнү легалдаштырууга байланыштуу мыйзам долбоору каралды, ал экинчи окууда талкууланды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев болду.
Ал бул мыйзам долбоору айыл чарба жерлеринде дары чөптөрдү өстүрүү укугун расмий түрдө таанышы керектигин белгиледи.
Документте 16 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө уруксат берүү сунушталууда, бирок Дуйшеевдин айтымында, учурда фермерлер 7–8 түрдү ийгиликтүү өстүрүп жатышат. Мыйзамдын кабыл алынышы ар бир фермерге бул иш менен легалдуу алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Дуйшеев ошондой эле мурда дары чөптөрдү мындай жерлерде өстүрүүгө тыюу салынганын эске салды.
Бүгүнкү күндө облепиха, ромашка, шиповник жана ферула сыяктуу өсүмдүктөр Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында өстүрүлүүдө. Айрыкча, облепиха 200дөн 400 гектарга чейин, ромашка болсо 80ден 150 гектарга чейин жерди ээлейт.
Жалпысынан Кыргызстанда айыл чарба жерлеринде 1200 гектардан ашык дары чөптөр өстүрүлүүдө.
Талкуулардан кийин дары чөптөрдү легалдаштырууга байланыштуу мыйзам долбоору депутаттар тарабынан экинчи окууда жактырылды.
сүрөт www