
Бишкекте шаар мэри Айбек Джунушалиевдин Аскар Салымбеков менен, «Дордой» ассоциациясынын президенти менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы маалымдады.
Сүйлөшүү учурунда «Дордой» базарындагы инфраструктураны жакшыртууга негизги көңүл бурулду.
Шаар башчысы: «Учурда мэрия бардык зарыл иштерди аяктады. Биз бизнеске колдоо көрсөтөбүз жана анын өнүгүшүнө каршы эмеспиз, бирок бул уюшкандыкта болушу керек. Сатуучүлөр үчүн да, шаар тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү» - деди.
«Дордой» базарындагы инфраструктураны жакшыртуу пландарынын алкагында көп кабаттуу авто токтоочу жайларды куруу, аймакты көрктөндүрүү, көлдү тосуу жана сейил бакты түзүү пландалууда.
Мындан тышкары, мэр бардык авто токтоочу жайларды муниципалитеттин балансында кайтарууну жана QR-коддор аркылуу төлөм системасын киргизүүнү тапшырды.
Аскар Салымбеков базар аймагында жол куруу иштери 2026-жылдын 1-апрелинде башталарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мэр Айбек Джунушалиев Свердлов райондук администрациясына, Муниципалдык менчик башкармалыгына жана Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына даярдоо иштерин, анын ичинде тоскоолдук кылган объектилерди демонтаждоону аяктоону тапшырды.