
Президенттин администрациясы Эдиль Байсалов жана Бактияр Алиевдин отставкага кеткендиги тууралуу ушактарды четке какты.
Президенттин басма сөз катчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармакта, өкмөт башчынын орун басары Эдиль Байсаловдун кызматтан алынганы жана Догдуркул Кендирбаева менен алмаштырылганы, ошондой эле Социалдык фондду башкарган Бактияр Алиевдин милдеттеринен бошотулуп, Канат Асангуловдун дайындалганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирди.
Ал ошондой эле, аталган жетекчилер боюнча эч кандай кадрдык өзгөртүүлөр кабыл алынбаганын белгиледи.