
Кээ бир агенттиктер лицензиясыз иштеп жатышты
Бишкекте экстремизмге каршы жана мыйзамсыз миграция маселелери менен алектенген ГУВДнын кызматкерлери жеке жумушка орноштуруу агенттиктерин текшеришти. Бул тууралуу ГУВДнын маалымат кызматынан маалым болду.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы күрөшүү максатында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө, кызматкерлер чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору менен биргеликте бул агенттиктердин ишинде бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныкташты.
Кээ бир уюмдар жарандарыбызды өлкөдөн тышкары жөнөтүп, зарыл лицензияларга ээ болбой жатканы белгилүү болду. Бул мыйзам бузуу боюнча беш агенттиктин иши убактылуу токтотулуп, ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды, жалпысы 275 000 сомду түздү.
Жарандардын укуктарын коргоо жана алдамчылык учурларын алдын алуу үчүн, расмий катталган жана лицензияланган уюмдарга гана кайрылуу сунушталат. Агенттиктердин лицензияларын текшерүү үчүн migrant.kg сайтына кирсеңиз болот.
сүрөт www