Бул жылы конкурска өлкөнүн ар кайсы региондорунан 98 арыз берилгендиги маалымдалууда.
Эксперттик талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанды 2026-жылдын апрель айында Өзбекстанда көрсөтө турган эң перспективдүү долбоорлор тандалды.
Тандалган долбоорлор
«Инновациялар жана стартаптар» категориясында- «Аквапоника» долбоору (Бишкек, № 81 жалпы билим берүү мектеби) — туруктуу айыл чарба системасы. Автору: Ислам Жаныбеков.
- AgriVision долбоору (Международный университет «Ала-Тоо») — өсүмдүктөрдүн ооруларын диагностикалоо үчүн жасалма интеллект. Автору: Назима Кадырбекова.
- BioNitro долбоору (Международный университет «Ала-Тоо») — жердин абалын жакшыртуу үчүн биологиялык чечимдер. Автору: Элхан Карыпов.
- AquaGov.kg долбоору (Иссык-Куль мамлекеттик университети) — суу ресурстарын мониторингдөө үчүн санариптик система. Автору: Евгений Стеценко.
«Робототехника олимпиадасы» категориясында
- Инженердик-робототехникалык мектеп «Robooky» — Темирлан Турат уулу.
- Международный университет «Ала-Тоо» — Искендер Жолдубаев.
Жеңүүчүлөргө өз идеяларын эл аралык платформада көрсөтүү, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кесиптештери менен тажрыйба алмашуу жана потенциалдуу инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү берилет.