
УПСМдин маалымат кызматына ылайык, Бишкекте 20-мартта түнкү саат 12:00дөн тарта бир нече көчөлөрдө транспорттун кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Токтотулган участкалар төмөнкүлөр:
- Тыныстанов көчөсү (Чуй проспектинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин);
- Фрунзе көчөсү (Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин);
- Тоголок Молдо көчөсү (Фрунзе көчөсүнөн Чуй проспектине чейин).
Коопсуздукту жана тартипти камсыздоо максатында жабык участкаларда эвакуаторлор иштетилет. Жүргүнчүлөрдөн унааларын алдын ала алып кетүүнү жана аларды гана уруксат берилген жерлерде калтырууну өтүнүшөт.
Шаар тургундарына жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана майрамдык намаз учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу сунушталат.