
Бишкектеги Ауэзов көчөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы, жашоочулар жана шаардык инфраструктура үчүн коркунуч туудура турган кургак жана авариялык дарактарды санитардык кесүү жана алып салуу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, бул участкеде жашыл насаждыларды жаңылоо иштери жүргүзүлгөн.
Кесилген дарактардын ордуна төрт метр бийиктикке жеткен алча дарактары отургузулду. Бул чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, көчөнүн эстетикалык жагымдуулугун арттырууга жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган.




Иштер этап-этабы менен, бардык талап кылынган стандарттарды сактоо менен жүргүзүлүүдө. Келечекте жашылдандыруу жана жаңы дарактарга кам көрүү иштери улантылат. Ошондой эле жакын арада Сагымбай манасчы көчөсүндө сквер куруу башталат.
Муниципалдык «Бишкекзеленстрой» ишканасы жашоочулардан шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.