Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь айында бул көрсөткүч 143 учурду түзгөн.
Бала өлүмүнүн негизги факторлору перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар менен байланыштуу. 2026-жылдын январь айында болгон жалпы учурлардын ичинен 80 наристе (63 пайыз) ушул себептен каза болду.
Тууган аномалиялардан 24 бала (19 пайыз) каза болсо, 13 бала (10 пайыз) дем алуу органдарынын ооруларына кабылып, 4 бала нерв системасынын бузулушунан көз жумду. Бир өлүмдүн себеби тышкы факторлор болсо, дагы бирөө – инфекциялык оорудан болду. Беш баланын өлүмүнүн себептери белгисиз калды.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда бала өлүмүнүн көрсөткүчү төмөндөгөн, бирок энелердин өлүмү, тескерисинче, жогорулаган.
Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоону пландаштырууда. Бул реформалардын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
- Жүктү аялдардын абалын мониторингдөө жана пациенттерди багыттоо системасын жакшыртуу;
- Медициналык жардамдын сапатына басым жасап, антенаталдык байкоо стандарттарын кайра карап чыгуу;
- Пренаталдык скрининг үчүн заманбап технологияларды киргизүү;
- Генетикалык лабораторияны түзүү;
- Үй-бүлөнү пландаштырууга багытталган программаларды өнүктүрүү.