
Мэриянын басма сөз кызматынан маалымдалгандай, жаңы тарифтер Энергетика министрлигинин Топливо-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин 2026-жылдын 10-мартындагы №42 буйругуна ылайык бекитилген.
Бишкек мэриясынын сүрөтү
Жаңы эрежелер боюнча, 2026-жылдын 1-мартынан баштап ысык суу камсыздоо үчүн жаңы тариф (салыксыз) орнотулат. Жылуулук тарифтери мурдагыдай эле калат. Бул өзгөртүү белгиленген датадан баштап ысык суу үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө колдонулат. Коммуналдык кызматтар үчүн бюджетти пландаштырганда бул өзгөртүүнү эске алуу маанилүү», — деп белгиленет расмий билдирүүдө.