Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды: балдар белгиленген мөөнөттө жер участкаларын алышкан эмес, бул болсо балдар боюнча күчүндө болгон мыйзамдарга жана турак жай куруу боюнча мыйзамдарга каршы келет. Бул боюнча Ак-Башат айыл өкмөтүнө прокурордук реакциянын актасы жөнөтүлдү.

Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматынын сүрөтү.
Прокурордук реакциянын актасын карагандан кийин балдардын укуктары калыбына келтирилди, жана аларга турак жай куруу үчүн бөлүнгөн участокторго менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.