
Архивден алынган сүрөт. Эльнура Муктарбек Кыргызстанды VIII Эл аралык музыкалык сыйлыктын BraVo гала-концертинде көрсөтөт
Бул масштабдуу иш-чарада классикалык музыка боюнча белгилүү аткаруучулардын, анын ичинде Россия, Кыргызстан, Кытай, Бразилия, Түштүк Африка Республикасы, Сауд Аравиясы жана Египет сыяктуу өлкөлөрдөн опера жана балет артисттеринин чыгышы күтүлүүдө.
Катышуучулардын арасында Кытайдан келген пианист-виртуоз Мин Жуй, Сауд Аравиясынан келген тенор Марван Фаги, ошондой эле Түштүк Африка артисткасы Наоми Тагг, ал электроскрипкада ойноп көрүүчүлөрдү таң калтырат. Мындан тышкары, сахнада Египеттен келген гобоист Мохамед Салех жана ырчылар Алихан Бейсеков (Казакстан) менен Эльнура Муктарбек (Кыргызстан) чыгышат.
BraVo сыйлыгынын гала-концерти 14-апрелде Улуттук опера жана балет театрынын Тарыхый сахнасында өтөт.
Эльнура Муктарбек — Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 2023-жылы ал эки мамлекеттин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Казакстандын II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланган.