
Концерт 12-ноябрда өтөт
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сахнасында Казакстандын эң белгилүү камералык ансамблдеринин бири «Forte Trio» мамлекеттик триосунун концерти өтөт.
Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө классикалык музыкалардын белгилүү чыгармалары сунушталат:
1. Людвиг ван Бетховен — Ми-бемоль мажорундагы фортепиано триосу, ор. 1 № 1;
2. Эрнест Шоссон — Соль минорундагы фортепиано триосу, ор. 3.
Аткаручулар: Тимур Урманчеев, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, «Курмет» орденинин кавалери, ансамблдин көркөм жетекчиси (фортепиано); Максат Джусупов (скрипка); Мурат Нарбеков, эл аралык конкурстардын лауреаты (виолончель).
Концерт 12-ноябрда саат 19:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын Малахит залында башталат.
Билеттерди театрдын кассасынан жана ticket.kg сайтынан сатып алууга болот. Маалымат үчүн: 0704 400 002, 0558 211 020.