
2014-жылдын 21-октябры күнү саат 18:30да Кыргыз Республикасынын Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониясында Россиянын эл артисти, скрипкачы, профессор Владимир Михайлович Ивановдун концерти өтөт.
Владимир Иванов - М. Глезарова жана Ю. Янкелевичтин окуучусу, эл аралык сынактарда жеңиштер менен сольдук карьерасын баштаган: И. С. Бах атындагы сынакта Лейпцигде (1972, I сыйлык), Кати Попова атындагы фестивалда Плевнада (1974, Алтын медаль), М. Равель атындагы фестивалда Бордода (1976, Алтын медаль).
Аспирантураны аяктаган соң, Москва консерваториясында мугалимдик ишмердүүлүгүн баштады. Студенттик жылдарында «Москва триосун» (А. З. Бондурянский жана М. Ю. Уткин менен) негиздеген. 1974-жылдан бери Иванов В.И. Москва консерваториясынын П.И. Чайковский атындагы кафедрасында аткаруу тарыхы жана теориясы боюнча сабак берет.
1990-жылдан бери В. Иванов - Москва мамлекеттик академиялык филармониясынын солисти.
2001-жылдан бери - Москва консерваториясынын оркестр факультетинин деканы.
Көптөгөн эл аралык сынактардын калыстар тобунун мүчөсү.
Анын окуучуларынын арасында эл аралык сынактардын лауреаттары: О. Чепижная, Л. Люманова, Е. Чверток, К. Терентьев, П. Милюков, В. Лопатина, И. Пешков, Н. Палицына, А. Кабашная, Д. Кемельман, А. Хуторянский, Д. Саттаров, И. Чепижная, Мун Кенг Джин жана башкалар.
Владимир Иванов дайыма гастрольдорду өткөрүп, Россияда жана чет өлкөлөрдө концерттер, мастер-класстар өткөрөт. В. Ивановдун репертуарында бардык жанрдагы жүздөгөн чыгармалар бар, 40тан ашык грампластинка жана компакт-диск чыгарылган, анда анын аткаруусунда сольдук жана камералык чыгармалар сунушталган.
Танылган мастер, скрипкачы Владимир Михайлович Ивановдун концерти Россия Федерациясынын Маданият министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган, 2014 жыл - Россияда Маданият жылы жана Кыргызстанда Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяланган.
Билеттер филармониянын кассасында.
Маалымат үчүн телефондор: 61-40-15; 61-46-70