
Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн бурчунда мыйзамсыз орнотулган тосмо Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан демонтаждалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.
Расмий маалыматтарга ылайык, жакынкы үйлөрдүн тургундары муниципалдык аймакты өз алдынча тосуп, тосмо жана дарбаза орнотушкан.
«Бул объект мурда демонтаждалган, бирок андан кийин тосмо кайрадан орнотулган. Ошондуктан, кайрадан демонтаждан кийин конструкция алынып, айыппул токтоочу жайга жөнөтүлдү. Ээсине аны кайтарып алуу үчүн айыппулду жана демонтаж чыгымдарын төлөшү керек. Муниципалдык жерге ушундай объекттерди кайрадан орнотууга уруксат берилбегенин эскертебиз», — деп айтылат билдирүүдө.