Афганистанда өлкөдөгү биринчи «пайгамбардык медицина» факультети ачылат
Кабул медициналык илимдер университетинде жакында өлкөдөгү биринчи «пайгамбарлык медицинасы»на арналган факультет ишин баштайт. Бул факультет исламдык булактарда аталган дарылоо ыкмаларына адистешет. Бул тууралуу белгилүү блогер Илья Варламовдун Telegram-каналындагы посту аркылуу маалым болду. Афганистандын жогорку билим берүү министрлиги бул чечимди «Талибан» саясатынын алкагында, билим берүү программаларын катуу ислам нормаларына ылайыкташтыруу максатында кабыл алды.