Жаңы генплан: жашыл аймактар беш эсе көбөйөт, архитекторлор коңгуроо кагууда
Бишкекте 2050-жылга чейин эсептелген жаңы Генералдык пландын негизги аспектилерин презентациялоо болду. Бул документ коомдук угууда талкууланган жана шаардыктар арасында чоң кызыгууну жараткан, бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Учурда борбордогу жашыл аймактардын аянты 606 гектарды түзөт. Жаңы генпланга ылайык, 2416 гектар парк, бак, сквер жана бульвар кошуу пландалууда. Бул жалпы жашыл насаждениялардын аянтын 3022 гектарга чейин көбөйтөт, бул дээрлик беш эсе өсүүгө туура келет.