Бишкекте кыйын абалдагы балдардын укуктары боюнча сабактар өткөрүлдү
Бишкекте «Акниет» борборунда кыйын жашоо шартында калган балдардын укуктары боюнча сабактар өткөрүлдү. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, мындай иш-чаралар жашы жете элек адамдардын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Иш-чарага борбордун кызматкерлери жана Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынан тергөөчү Б. Карабаев катышты. Ушул иш-чаранын катышуучуларына алардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле жашы жете элек адамдар үчүн жоопкерчилик жөнүндө Кыргызстандын мыйзамдары