Газета «Слово Кыргызстана» 100 жылдык юбилейин белгилейт
Бүгүн Бишкекте «Слово Кыргызстана» газетасынын 100 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Мерекеге катышуучулардын арасында КРнын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Журналисттер союзунун орун басары Курманбек Раматов, ошондой эле «Слово Кыргызстана» басмаканасынын башкы редактору Елена Жолобова жана башка чакырылган коноктор бар.