Кыргызстандын суу сактагычтарында өткөн жылга салыштырмалуу 35% аз суу бар
Торобаевдин айтымында, фермерлерге суу электрондук эсептегичтер аркылуу берилет. Бул жылы Кыргызстандын суу сактагычтарындагы суу көлөмү кыйла азайган. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Жогорку Кеңештин агрардык саясатка арналган комитетинин жыйынында билдирди. Учурда өлкөдөгү 498 суу сактагычта болжол менен 884 миллион кубометр суу топтолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30–35% аз. Жалпысынан бардык суу сактагычтардын