Т.Молдо атындагы сквердеги павильон: борбордук мэрияда кырдаал түшүндүрүлдү
«Эко Домикти» орнотууда көйгөй пайда болду Бишкекте Боконбаева көчөсүндө Тоголок Молдо атындагы скверде павильон орнотулду, ал убактылуу тротуарды жана жашыл зонага кирүүнүн бир бөлүгүн жаап койду. Шаардык мэрия бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Муниципалдык «Бишкекзеленстрой» ишканасынан алынган маалыматка ылайык, пайда болгон көйгөй убактылуу жана «Эко Домикти» орнотууда колдонулган крандын техникалык бузулушу менен байланыштуу. Мэрия бул объект жөө адамдарга тоскоолдук кылбайт жана