
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан мармар ташын чыгарууга убактылуу тыюу салууну бекитти. Бул тыюу алты ай бою күчүндө болот жана Кыргызстанда алынган же өндүрүлгөн чийки затка тиешелүү.
Тыюу мармар ташын ар кандай формада камтыйт: иштелбеген, грубо уратылган, ошондой эле кесилген абалда, анын ичинде квадрат же түз бурчтуу формадагы блоктор жана плиталар (ТН ВЭД ЕАЭС коддору 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0). Мамлекеттик органдарга бул товарларды чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарууга жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүү тапшырылды.