
Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, өзбек тарап жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги кайтып келген жарандар үчүн виза жана транспорт маселелерин чечүү боюнча иш алып барышууда. 2-марттан тартып Түркмөнстан менен Ирандын чек арасындагы «Гаудан-Баджгиран», «Артик-Лютфабад», «Акяйла-Инчебурун» жана «Олтин Асир-Инчебурун» өткөрмө пункттары кайрадан ачылды, бул жарандарга жана транспорт каражаттарына чек арадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Өзбекстандын элчилигинин кызматкерлери «Гаудан-Баджгиран» өткөрмө пунктунда өз мекендештерин дипломатиялык миссиянын автотранспортунун жардамы менен тосуп алышууда.