2025-жылы Бишкекте адрестик жардамды 60 миңден ашык адам алды - мэрия
Мэриядан билдиришкендей, 2025-жылы адрестик жардам 60 472 адамга 184 миллион 565,2 миң сом суммасында берилген. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы жардам 58 805 адамга берилген, сумма 174 миллион 467,4 миң сомду түзгөн. Шаардык кеңештин белгилөөсү боюнча, программа алкагында муктаж үй-бүлөлөр менен 130 социалдык контракт түзүлгөн, бул 19,5 миллион сомго бааланган. Ошондой эле, санариптик «Социалдык паспорттор» киргизилип, «SOS – Балдар айылдары Бишкек» фонду менен биргеликте энелерди балдары менен