
Укук коргоо органдары 10 пакет "Альфа-ПВП" алып алышты
Ысык-Ата районунда текшерүү учурунда синтетикалык наркотиктер табылган жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы маалымдады.
11-февралда Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнө Новопокровка айылындагы бир үйдө наркотиктерди сактоо жана таратуу тууралуу маалымат келип түштү. Окуя болгон жерге жөнөтүлгөн тергөө-оперативдик топ бул маалыматты тастыктады.
Ошол эле күнү, саат 13:30 чамасында, 2007-жылы туулган К.Б. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалды. Анын шектүү жүрүш-турушу полиция кызматкерлеринин көңүлүн бурду. Текшерүү учурунда анын колунда мүнөздүү жыты бар ак порошок түрүндөгү зат табылды, ал пакеттерге оролуп, изоляция лентасы менен байланган. Натижеде 10 пакет алынды. Экспертиза бул заттын синтетикалык наркотик "Альфа-ПВП" экенин тастыктады.
Бул окуя КРнын Кылмыш кодексинин 282-беренесине ылайык катталды.
Кармалган адам убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
сүрөт www