Нацбанк бардык кирешени бюджетке которот. Профиль комитет мыйзам долбоорун колдоду
Жогорку Кенештин финансылык, бюджет, бизнес жана атаандаштыкты өнүктүрүү маселелери менен алектенген профилдик комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бюджетке өткөрүү боюнча мыйзам долбоору бекитилди. Бул мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банктын пайдасынын жалпы көлөмү, тактап айтканда 100%, көз карандысыз аудит тарабынан финансылык отчеттуулукту бекиткенден кийин республикалык бюджетке багытталат.