Депутат импорттоого тыюу себептүү чек арада токтоп калган көчөттөрдү киргизүүгө уруксат берүүнү сурады
Маалыматка караганда, Ирандагы кырдаалдан улам логистикада көйгөйлөр пайда болуп, саженцалар 1-мартка чейин убагында жеткирилбей калган. Агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин жыйынында депутат Гулшаркан Култаева ишкерлер жана фермерлердин парламентке жардам сурап кайрылган маселесин көтөрдү. Ал фермерлер үчүнчү өлкөлөрдөн саженцаларды алып келгенин, бирок бир жума бою аларды өлкөгө киргизе албай жатканын белгиледи. 1-марттан баштап бул