Анын маалыматына ылайык, жакынкы айларда, жылдын аягына чейин, 20 миңден ашуун батир берилет, алар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 7 миң Бишкекте;
- 7,5 миң Чүй облусунда;
- 2,2 миң Ысык-Көл облусунда;
- 1,8 миң Ош облусунда;
- 1,4 миң Баткен облусунда;
- 433 батир Нарын облусунда;
- 319 Талас облусунда.
Компаниянын орун басары батирлер ар кандай категориядагы жарандар арасында пропорционалдуу бөлүштүрүлөрүн белгиледи.Бүгүнкү күндө турак жай алууга кезекте 90 миңден ашуун адам турат:
- 47 миң – жеңилдетилген ипотека (бюджеттик кызматкерлер үчүн, баштапкы төлөмсүз, 25 жылга 4% менен);
- 8430 – социалдык ипотека (көп балалуу үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жаш адистер жана жалгыз бой энелер үчүн, ошондой эле баштапкы төлөмсүз 25 жылга 4% менен);
- 22 551 жаран – жеткиликтүү ипотека (10% дан баштапкы төлөм менен, 25 жылга 8% менен);
- 11 974 катышуучу – үлүштүк курулуш (батирдин баасынан 50% дан кем эмес баштапкы төлөм менен, 15 жылга 8% менен).
Ал ошондой эле кезекке туруу үчүн "Тундук" тиркемесин колдонсо болорун кошумчалады.