Убада беришти «жолду ачабыз». Бишкектик аял Instagramдагы алдамчыларга жарым миллион сом берди
Бишкекте аял Instagramдагы алдамчы схеманын курмандыгы болуп, жарым миллиондон ашык сом жоготту. Бул тууралуу шаардагы Октябрь районунун УВДсы маалымдады. 2026-жылдын 14-январында ведомствого М.Н. аттуу жаран кайрылып, белгисиз кылмышкерлер bella_gadane.kg аккаунту аркылуу ага «жол ачып берүүгө» убада берип, ал 523 миң 366 сомду мобилдик тиркеме аркылуу өткөрүп бергенин айтып берди. Бир аз убакыт өткөндөн кийин алдамчылар аны блоктоп, билдирүүлөргө жооп бербей калышты.